super.kg logo

Жер тилкесин сатам деп жарандардын акчасын алып, качып жүргөн адам кармалды

 

Жер тилкесин сатам деп жарандардын акчасын алып, качып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кармалган адам 2015-жылы 5 жылга соттолуп, бирок качып жүргөн.

"Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнө Т.И. аттуу тургун арыз менен кайрылып, аны менен интернет булактары аркылуу ѳзүн Бишкекте Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген Руслан Расуловмун деп тааныштырган жаран алдап кеткенин айткан. Жабырлануучу анын Бишкектеги жер тилкесин 300 миң сомго сатып алуу үчүн оозеки келишим түзгөн. Ошондой эле банк аркылуу жалпы суммасы 288 миң сомду түзгөн акча каражатын 3 бөлүп которгондон кийин дайынын таппай калганын белгилеген.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 20-май күнү Бишкектен шектүү катары 39 жаштагы Шермурат Исаков кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адам 2015-жылы "алдамчылык" жана "талап тоноо" беренелеринин негизинде 5 жылга эркинен ажыратылгандыгы жана 2016-жылдын август айында белгисиз себептер менен кыска мөөнөткө өргүүгө чыккан бойдон качып жүргөндүгү аныкталды.

Жогоруда аты аталган адамдан жабыр тарткандар болсо (03745) 5-02-57, 0772 23-20-89 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, соттолгон адамдардын жүрүм турумуна жана жазасынын оордугуна жараша жакындары каза болуп калган учурда кыска убакытка бошотулушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: