Депутат каржы булактары жоктугунан бир топ мыйзамдар иштебей калып жатканын айтты
Депутат Бакирдин Субанбеков каржы булактары жоктугунан бир топ мыйзамдар иштебей калып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
“Каржы министрлигинин өкүлдөрү мыйзам долбоорлору каралып жатканда каражат бар экенин айтышат. Мыйзам кабыл алынып, президент кол койгондон кийин каржы таппай калышат. Каржы булагынын жоктугунан маселелер чечилбей калып жатат. Ошондуктан мыйзам долбоору каралып жатканда каржы маселесин тактап алуу керек”, - дейт ал.
Учурда комитет жыйынында укук коргоо кызматын модернизациялоону камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

22:06
2025-07-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.