super.kg logo

Айыл чарба министрлигине талапкер 28 жаштагы Тилек Токтогазиев: "Беш жыл күнөскана зыянкечтери менен күрөштүм, эми мамлекеттин зыянкечтери менен күрөшөм"

 

Бүгүн, 28-майда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин көрсөттү. Чодуев акыркы 5 жылдан бери аталган мекемеде министрдин орун басары болуп иштеп келген.

Өкмөт башчы буга чейин "Бир бол" партиясы сунуштаган, жаш талапкер Тилек Токтогазиевди министрликке күнөскана иштери боюнча адис катары ишке тартуу ою бар экенин кошумчалады. Депутат Алтынбек Сулайманов анын тажрыйбасы жок экенин, бирок өкмөттүн курамына жаш кадрларды тартуу зарылчылыгы турганын айткан. Өкмөт башчы эл өкүлүнүн бул оюна макул экенин билдирип, бирок жаш болгондугу үчүн эле мамлекеттик чоң кызматтарга дайындоо туура болбой каларын, анын мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок экенин белгиледи.

Бул боюнча SUPER.KG порталы өзүн министрликке талапкер катары көрсөтүп жаткан 28 жаштагы Тилек Токтогазиевге бир катар суроолорду берип жообун алды.

- Тилек, саламатсызбы? Бүгүн өкмөт башчы Айыл чарба министрлигине башка талапкерди көрсөттү. Сиз муну кандай кабыл алдыңыз?

- Саламатсыздарбы? Мен муну системде жок кишини ал жакка киргизбейт экен деп түшүндүм. Чодуев өзү беш жылдан бери министрдин орун басары болуп отурат. Министрликте эмне иштер жасалды, эмне өзгөрдү? Ошол жерде отуруп эч нерсени өзгөртө албаган кишини кайра министрликке сунуштап жатышат. Ошондуктан бул кадамды премьер-министрдин эң чоң катасы деп кабыл алдым.

- Кечээ сизди биринчи вице-премьер кабыл алды. Эмнелер тууралуу сөз болду?

- Резюме, биография сураган, аны бердим. Андан кийин жашымды, окуган жеримди, эмне менен алектенеримди сурады. Мен пландарымды, стратегиямды сурайт деп күткөм. Бирок андай суроолор болгон жок.

- Өкмөт башчы сизди күнөскана тармагы боюнча министрликке кызматка чакыра турган ою бар экенин айтты?

- Бул ишти министрликке барбай эле ишкерлер өз алдыбызча жасап жатабыз. Өткөн жылы август айында күнөскана ишкерлеринин ассоциациясын түзгөнбүз. Дыйкандар үчүн көмүрдүн баасын түшүрдүк, ортомчулукту азайтуу иштерин жүргүздүк. Чет элдик, жаңы технологияны билген агрономдор менен тажрыйба алмашып жатабыз. Айтор, бул иштер министрликтин жардамысыз жүрүүдө. Буга чейин күнөсканада өскөн өсүмдүктөрдүн зыянкечтери менен 5 жыл күрөштүм, өнүккөн өлкөлөргө барып ошол зыянкечтерди жок кылуунун технологиясын үйрөндүм. Аны жергиликтүү дыйкандарга үйрөтүп, арасында кирешесин арттыргандар көбөйдү. Эми максатым - мамлекеттик "зыянкечтер" менен күрөшүү. Алар бизде абдан көп, өздөрүнө керектүү нерселерди "сорушат", башкаларга бут тосушат. Алардан арылуу үчүн мамлекеттик башкаруу системине чоң реформаларды жургүзүү керек. Азыр интрига, бир гана киши чечет деген түшүнүк менен отурушат. Биз жеке мамилелер менен кадр маселесин чечпей, ачык тандоого өтүшүбүз керек.

- Депутат Алтынбек Сулайманов сиздин талапкерликти колдоп чыкты, таанышсызбы?

- 10 жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип келем. Бир да саясатчы менен тааныштыгым жок, анын ичинде Сулайманов менен дагы. Балким, жаш кадр тартуу керек деген таризде колдогондур. Мени тажрыйбасы жок дешти, бирок чоң бизнестерди башкарып келе жатам. Бул оңой нерсе эмес да. 3 жылдан бери министрликке барып заманбап технологияларды сунуштап, форумдарга чакырып жүрөм. Бирок алар мага бир жаш бала сүйлөп жатат деп олуттуу мамиле жасашкан эмес. Министрликке талапкерлигимди көрсөтүү - менин амбициям же каалоом эмес, бул жоопкерчилик болчу.

- Министр болуу ниетиңизден кайткан жоксузбу?

- Мен түшүнүп калдым, саясий чечимди президент кабыл алат экен. Эгерде президент мени колдосо, жасай турган иштерге бут тоспосо, жоопкерчиликти алып 2 жыл ичинде абдан чоң өзгөрүүлөрдү киргизгенге даяр болчумун. Буга менин көзүм жетет, кардиналдуу реформа жүргүзүп, жаңы технология алып келип, биздин рынокту эң өнүккөн өлкөнүн базарындай кыла алмакмын. Эл аралык ири компаниялар менен кызматташып жүрөбүз. Алардын технологиясын бизде да ишке ашырса болот, айыл чарба тармагынын экономиканы көтөрүүгө мүмкүнчүлүктөрү чоң. Аны жасаса болот. Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдөгү компаниялардын өкүлдөрү биз менен иштешүүгө даяр. Бирок бийлик мындай өнүгүүлөргө балта чапты. Биз жөн эле статистиканы топтоо үчүн иштегендерди токтотушубуз керек.

- Эми кандай кадам жасайын деп жатасыз?

- Мен Эркинбек Чодуевди ачык дебатка чакырам. Ошол жерде журналисттер министрликти келечекте кандай көргүсү келет жана ага кантип жетишсек болот деген сыяктуу курч суроолорун берсин. Ал киши өзүнүн жообун, мен өзүмдүн жообумду берем. Мындай жол министрди эл тандаганга өбөлгө түзөт. Ал кишиге чакырык түштү, мен аны күтөм, эгер келбесе, менин оюмча намысына катуу тийген нерсе болот.

Эски систем - бюрократтардын системи Кыргыз өлкөсүн өнүктүрөбү же жаратмандардын системи өнүктүрөбү? Муну эл да түшүнүп калды. Бул бир эле ушул министрликке эмес, бардык тармакка тиешелүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(23)
28.05.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Оо зыянкечтер менен күрөшөм дегени жакты,Азамат алга....
28.05.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ставкалары бар да, президентке узатас, ийгилик сизге азаматсыз
28.05.2019. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен колдойм ийгилик
28.05.2019. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кай жактын кулуну бул жигит??
28.05.2019. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
katerina.li, Кыргызстан
29.05.2019. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
katerina.li,Биринчи каяктык экенин билип,анан ошого жараша комент жазасызбы? кызыктай логика экен.Марстан келсе дагы,эн башкысы иштеп берсе болду да.
28.05.2019. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бийликти жаштарга бергиле!!! Жаштардын көз карашы баарибир башка .
28.05.2019. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эң туура айтты, азыркы учурда министрлик только статистикалык маалымат чогултат. Өзгөрүү күттүк эле эх өнүкпөй эле аркага кетет окшойбуз.Акыркы үмүттөр да үзүлүп баратат.
28.05.2019. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Красавчик жигит!!!эми абайла кан соргуч айбандар бут тосуп сындырып салышпаса экен.окмот башчынын тажыйрбасы жок деген созун акча жегенди билбейт мага доля бербей башкаларга да жегизбейт деп тушунсок болот туугандар !
28.05.2019. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коп сурайт го ставка Эл колдоп отуп кетсен экен ийгилик сага Тилек
28.05.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде онугуу болбойт бул чалдар кетпейинче. Бирок онойу менен кетпейт.
28.05.2019. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тилек болуш керек эле,иштей турган жигит,биздин жеп жутарларга сөз жок
Tursunbaev2017 түзөттү 2019-05-28 17:06:04
28.05.2019. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат жигит экен
28.05.2019. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Министр эптей албады замы эптемек беле туура айтыптыр
28.05.2019. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Озу ошону колдоп берген депутаттар дагы куноолуу.
28.05.2019. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Катуу кетпе, абайла олтуруп кетет
28.05.2019. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркек экенсин
Катынга окшоп келбейт эми жаны министр
29.05.2019. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат коз тийесин
29.05.2019. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбек президенти 23 жаштагы студентти туризм министри кылды эле. Иши дароо байкалды го. А биздикилер жаштардан коркот.
29.05.2019. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаштар деле бийликке келип жатышат.Өкмөт тажрыйбасына карап мамиле кылып жатат да.
29.05.2019. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жаштар деп алып келген Сапар менен Айбек эмне болду шестерка болуп бүт жакты коррупция менен белчесинен батырды
29.05.2019. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чалдар чалдарды тартып келеберишет экенда абылгазиев озу нормальный иштей албайт озуно окшогондорду алып келип жатат.жаштарды алып келсе былыгы чыгатта ошондон коркушат
29.05.2019. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурда таанычу эмесмин бул жигитти, бычакка сап болчудай корунот создору орундуу да курч да экен. Келгиле колдойлу баарыбыз! Мам.кызматта стажы жок болсо да чарбачылык опыты, стратегиялык планы бар экен.(Чындыкка жакын!)
А стажы коп бирок эч нерсени чечпегендердин коомго эмне кереги бар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: