super.kg logo

Юристанбек Шыгаев улуттук көркөм сүрөт музейинин директорлугунан бошотулду

 

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Тиешелүү буйрукка маданият министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Юристанбек Шыгаев эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Сүрөтчү мамлекеттик мүлк катары саналган эки картинаны алып, бирок начар абалда музейге кайтарып бергени боюнча жаңжал чыккан. Окуя боюнча комиссия түзүлүп, текшерүү иштери жүрүп жатканы маалым болгон.

Картинанын бири музейден жоголуп, зыян келтирилген, начар абалда 2014-жылдын январь айында гана пайда болгону айтылат. Ошол убакка чейин ал Юристанбек Шыгаевдин колунда болгону аныкталган.

Маалыматка караганда, Юристанбек Шыгаев эки картинанын көчүрмөсүн жасоо учурунда кокустан зыян келтирилгенин билдирип, аны өз каражатынын эсебинен оңдоо боюнча түшүндүрмө жазып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: