super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президентин Кыргыз мамлекетине расмий сапар менен келүүгө чакырды

 

Бүгүн, 28-майда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде ЕАЭБ алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргыз тарап менен болгон стратегиялык кызматташтыкты, достукту, биримдикти, боордош өлкөлөр ортосундагы жылуу мамилени жогору баалады.

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президентин Кыргыз мамлекетине расмий иш сапары менен келүүгө чакырды.

Касым-Жомарт Токаев өлкөлөр ортосундагы мамилелер чыныгы достук мүнөзүнө ээ экендигин белгиледи.

"Бизде өлкөлөр ортосундагы мамилелер жогорку артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген көптөгөн жалпы институттар бар. Кызматташтыктын алкагында конкреттүү жыйынтыктарга жетүүгө даярбыз", - деди Касым-Жомарт Токаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: