Жомоктогудай жашаган Дубайдын мураскер ханзаадасынын үйлөнүү тою 6-июнга белгиленди










Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министри, Дубайдын эмири шейх Мухаммед ибн Рашид Аль Мактумдун 3 уулунун үйлөнүү тою 6-июнга белгиленди. Алардын арасында шейхтин мураскер ханзаадасы Хамдан ибн Мухаммед Аль Мактум да бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Падышалык салтанат Дубай эл аралык борборунда өтөт. Бул аземге миңдеген коноктор чакырылган.
Иш-чаранын расмий бөлүгүндө мураскер ханзааданын жана анын бир туугандарынын никелери расмий каттоого алынат. Буга чейин 15-майда шейхтердин никеси кыйылган.
36 жаштагы Хамдан ибн Мухаммед Аль Мактум интернетте активдүү, анын Инстаграм баракчасында 8 миллиондон ашуун катталуучусу бар. Социалдык тармактын колдонуучулары аны "Аладдин" деп атап алышкан. 2011-жылы Forbes журналы мураскер ханзааданын байлыгын 18 миллиард доллар деп баалаган.




Жаңы үйлөнгөндөргө атайы каражат, балалуу болгондо да олчойгон пул берилет.
Мектепти бүткөн өспүрүм дүйнөнүн каалаган окуу жайында мамлекет эсебинен окуй алат.
Эли тентип Маскөөлөп бир батирге эркек, аялы аралашып жашап кеткени жок, кыз-келини Стамбулдап бала карап, кары-картандарды багып, балдарын сагынып саргарган жок...
Байлары элдин ырыскысын колунан жулуп алып чет өлкөгө чыгарып, 'эми эмне кылып аласың?' деп өкүмөткө каяша айтып
Менттери иштеп жүргөн мигранттарды регистрациян жайындабы? Деп текшерип алапайын кетирген жок. Антсе тетиги сен айтып жаткан'мусулман терисиндеги масондор' андайлардын эки аягын бир кончко тыгып, энесин Беш-Коргондон көрсөтөт.
Бул жагын канттик эми?