Бүгүн КСДП лидери алмашканы боюнча Юстиция министрлигине билдирүү берди
Бүгүн, 28-майда КСДП лидери алмашканы боюнча Юстиция министрлигине билдирүү берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка ылайык, КСДПнын төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова, партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков юстиция министри Марат Жаманкулов менен жолугушуп, тийиштүү документтерди тапшырышты.
Экс-президенттер тууралуу мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу Алмазбек Атамбаев төрагалыктан жана партиянын курамынан убактылуу кеткен. Бул мыйзам боюнча экс-президенттерге саясий иштер менен алектенүүгө, саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган. КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Атамбаевдин ордуна партиянын төрагасынын орун басары Асел Кодуранованы шайлашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
6

