Өкмөт эң жогору суроо-талапка ээ 10 адистикти атады (тизме)
Билим берүү жана илим министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эмгек ресурстарынын суроо-талабын божомолдоо ыкмасынын негизинде 2018-2022-жылдарга карата адистиктердин суроо-талап картасын жаңылады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, талдоонун жыйынтыгы боюнча эмгек рыногунда артыкчылыктуу жана суроо-талап жогору адистиктер катары бул мезгилде өнөр жай, билим берүү, курулуш, айыл чарба, медицина тармактары болот.
Бүгүнкү күнү суроо-талап жогору 10 адистикке төмөнкүлөр кирет:
- маалыматтык коопсуздук,
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш тутуму,
- тоо-кен иши,
- геологиялык чалгындоо технологиясы,
- технологиялык машиналар жана жабдуулар,
- медицина,
- менеджмент жана маркетинг,
- агрардык инженерия,
- курулуш,
- билим берүү.
2018-жылы кабыл алуу кампаниясынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл топтогон абитуриенттер төмөнкү адистиктерге жана багыттарга гранттык окутуу боюнча даярдоого кабыл алынган: программалык инженерия, дарылоо иши, продуктулар технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу, педиатрия, лингвистика (англис тили), психология, маалыматтык коопсуздук, колдонмо математика жана информатика, медициналык-алдын алуу иши, малдан алынган азыктар технологиясы жана өндүрүшү.
Жыл сайын өкмөт жогорку окуу жайларга 5 705 гранттык орун бөлүп берет.
Өткөн жылы гранттык орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- компьютердик технология адистиктери – 485,
- өнөр жай – 425,
- айыл чарба – 415,
- саламаттыкты сактоо – 405,
- педагогика – 375,
- курулуш – 260,
- тоо-кен иштетүү өнөр жайы – 215,
- гуманитардык адистиктер – 115,
- башкаруу – 95,
- транспорт – 90.
Ошону менен бирге кесиптер дүйнөсүндө суроо-талап эң жогору жана кеңири жайылган адистиктер булар: IТ-адиси, долбоорлоочу инженер, окутуучу, юрист, медик, маркетолог, тейлөө кызматы жана эколог кесиптери.




