Талас облусунда 5 миң гектар жерден арпа, буудай жыйналды
Талас облусунда 12 900 гектар жердеги арпа, буудайдын 5 миң гектарга жакыны жыйналып алынды. Бул тууралуу облустук администрациянын агрардык секторунун башкы адиси Туратбек Назаралиев билдирди. 4 миңден ашык гектар жерден буудай, 800 гектардан арпа жыйналды. "Облус боюнча 81 комбайн иштеп, эгин чабуу иштери Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунда кызуу жүрүп жатат. Буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 31 центнерден айланууда",- деп билдирет Назаралиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















