super.kg logo

Флагмандык Huawei P30 Pro камерофону эми O!Store дүкөнүндө

 

Жаңы Huawei P30 Pro флагманынын чыкканына бир айдан ашып аша элек болсо дагы, анын сатуулары ойго келбеген рекорддорго жетти. Жакында эле Америкадан келген кабарлар флагмандын популярдуулугуна терс таасирин тийгизери күтүлүп жаткан, бирок андай болгон жок. Анын үстүнө, Huawei өкүлдөрү Google компаниясынын чечими азыркы учурда колдонулуп жаткан же дүйнөлүк рыноктун дүкөндөрүндө турган Huawei смартфондоруна тиешеси болбойт деп белгилешти. Демек, бул эртеңки күнү сиздин сүйүктүү P30 же P30 Pro смартфонуңузда Google Play, YouTube иштейт дегенди билдирет.

Эми эң башкысы жөнүндө – брендди жана бардык инновациялык жаңылыктарды сүйүүчүлөр эмненин аркасынан чуркап жүрүшөт?

Алар биринчи жолу төрт камерасы бар жаңы Leica тутуму менен жабдылган Huawei P30 Pro камерофонунун аркасынан чуркап жүрүшөт, тактап айтканда:

  • кадимки сүрөткө тартуу үчүн 40 Мп f/1.6 сенсор жана эң алыскы аралыкта майда деталдарын көрүүгө мүмкүндүк берүүчү 10х гибриддик зум;
  • пейзаждарды тартуу үчүн ультра кеңири бурчтуу 20 Мп f/2.2 сенсор;
  • 5 эсе оптикалык чоңойтуу үчүн узун фокустуу 8 Мп f/3,4 сенсор;
  • объектини фондон так бөлүү үчүн ToF - камера.

Кош нейромодулу менен жаңы Kirin 980 процессору жогорку өндүрүмдүүлүктү камсыздайт.

Мындан тышкары, Huawei P30 Pro смартфонунда 4200 мАч батареясы колдонулат – бүгүн бул смартфон автономдуулугу боюнча эң мыкты смартфондордун бири. Super Charge 2.0 зарядкасы да ушундай эле тез: 40 Вт кубаттуулугу менен адаптерден 0дөн 70%га чейин жарым саатта заряддайт. Смартфон Qi-модулга ээ смартфондорду жана гаджеттерди, ошондой эле зымсыз Huawei кулаккаптарын дагы аба аркылуу заряддай алат.

Huawei P30 Pro градиенттик "куюлушкан көк" түстө жеткиликтүү — жана 8 ГБ оперативдик жана 256 ГБ флэш эс-тутуму менен 67 990 сомго сунушталат. Huawei P30 Pro смартфону, O!Store дүкөнүндөгү башка смартфондордой эле баштапкы төгүмсүз жана үстөк пайызсыз насыяга жеткиликтүү.

Сизге смартфон керексизге O!Store керек.

Товар тастыкталган. Товардын саны чектелүү. Сизди кызыктырган моделдин бар экендигин 0 705 007 000 телефонуна чалып же болбосо ostore.kg cайтынан сурап биле аласыз. Насыя "Дос-Кредобанк" ААКсы тарабынан берилет. Банк себептерин түшүндүрбөстөн насыя берүүдөн баш тартуу укугуна ээ экендигин белгилейбиз. "Дос Кредобанк" ААК КРУБ лицензиясы: №037.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
29.05.2019. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Huawei жакшы смартфон бирок албай тургула Америка менен бир чечимге келмейинче
30.05.2019. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Google очот дейтко ошондо кандай болот
30.05.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Телефон кирпич болуп калат
30.05.2019. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samsung Galaxyге конуп алгам. Башка марка деле колдонуп коруш керек эле
31.05.2019. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сентябрдан кийинкилерине гугл сервис коюлбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: