Парламентте расмий статистиканын тактыгын камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоору каралды
Бүгүн, 29-майда парламентте расмий статистиканын тактыгын камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоору каралды.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору улуттук статистика системинин натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана коомчулуктагы расмий статистикага болгон ишенимди бекемдөө болуп саналат. “Макулдашылган, такталган жана эл аралык салыштырмалуу статистикалык маалыматтар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүү үчүн керек. Сапаттуу статистика болушу үчүн расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдүн башка жактардан көз карандысыздыгы камсыздалышы зарыл. Мыйзам долбоору менен “мамлекеттик статистика” же “улуттук статистика” терминдеринин ордуна “расмий статистика” терминин колдонуу сунуш кылынат. “Расмий статистика” термини эң алды менен сапат аспектисине басым жасалган, ошондой эле колдонуучулар үчүн берилген маалыматтардын макамы жана сапатын жогорулатууга талап болот", - деп жазылат мыйзам долбоорунда. Демилгечи депутаттар - Мурадыл Мадеминов, Бактыбек Турусбеков.
Аталган мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.




