super.kg logo
  Саясат  

Депутат өкмөт мүчөсүнө талапкерлер берилген суроолорго так жооп бере албай жатканын айтты

 

Депутат Кенжебек Бокоев өкмөт мүчөсүнө талапкерлер берилген суроолорго так жооп бере албай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Экономика министри кызматына талапкери Санжар Муканбетов Жогорку Нарын каскады менен Камбар-Ата-1 ГЭСине инвестиция таба аласызбы? Күйүүчү майдын аткезчилигин кантип ооздуктайсыз? Ушунун айынан бюджетке 5 миллиард сом түшпөй жатат. Күйүүчү май 1990-жылдардагыдай көчөлөрдө сатылып калды.

Айыл чарба министрлигине талапкер Эркинбек Чодуев былтыр дыйкандар банкрот болду, мында сиздин жоопкерчилигиңиз барбы?" деп сурады.

Санжар Муканбетов бул маселени карап чыга турганын айтты.

Анда депутат премьер-министрге “сиздин айтканыңызды эле аткарган адамдарды алып келген окшойсуз” деп нааразычылыгын билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы кишини алып келсек, бир жыл таанышат, анан ишке кирише турганын айтты.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин, экономика министрлигине Санжар Муканбетовдун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин, өкмөттүн аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевдин талапкерлиги сунушталууда. Учурда алардын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: