"О!Деньги" банктык картасынын 5 артыкчылыгы

"О!Деньги" электрондук капчыгынын колдонуучулары үчүн капчыктагы каражаттарды накталай акчага оңой айландырууга жана "Элкарт" улуттук төлөм тутумунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга шарт түзгөн атайын ыңгайлуу банктык карта чыгарылган.
"О!Деньги" картасынын 5 артыкчылыгы:
- АКЫСЫЗ чыгаруу;
- "Мой О!" тиркемесиндеги "О!Деньги"* капчыгы аркылуу картаны тез толтуруу;
- Өлкөнүн бардык банкоматтарынан накталай акчаларды АКЫСЫЗ алуу;
- Биринчи жылы АКЫСЫЗ тейлөө жана кийинки жылга тейлөө болгону 150 сом;
- 3000 сомдон** кем эмес бир айлык орточо калдыкка жылдык 5% чегерилет.
"О!Деньги" капчыгынын колдонуучулары картаны О! Мобилдик операторунун бардык сатуу жана тейлөө кеңселеринен паспортун көрсөтүү менен ала алышат.
"О!Деньги" карталары "ДОС-Кредобанк" менен биргеликте чыгарылат. КРУБ лицензиясы №037.
*Картаны капчыктан толуктоо үчүн комиссия 1 %
**Калдык пайыздары "ДОС-Кредобанк" ААК тарабынан эсептелинет.
"О!Деньги" сервиси "Грин Телеком Сервис" ЖЧК тарабынан жеткиликтүү кызматтар тизмегинин алкагында көрсөтүлөт.
КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.
