Паспорт чуусу. Сот тендерде утулган германиялык компаниянын пайдасына чечим чыгарды
Бүгүн, 29-майда Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда ePassport`тун бланктарын жасоо боюнча иш каралды. Бул сотко "Muhlbauer ID Services GmbH" компаниясы (Германия) кайрылып, Мамлекеттик каттоо кызматынын тендердик комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн. Тендерди "Гарсу пасаулис" компаниясы (Литва) уткан болчу.
Соттун чечимине ылайык, Мамкаттоо кызматынын тендердик комиссиясынын жана мекемелер аралык көз карандысыз комиссиянын чечимдери жараксыз деп табылды. Мындан тышкары Мамкаттоо кызматы жана Мамлекеттик сатып алуулар департаменти Muhlbauer компаниясын 2 миң сом төлөөгө милдеттендирди.
Окуянын чоо-жайы:
2018-жылы күзүндө Мамлекеттик каттоо кызматы бланктарды сатып алуу үчүн тендер жарыялап, 1 миллиард 2 миллион сом сунуштаган. Бланктарды эң арзан баада сатарын (686 миллион 772 миң 250 сом) "Muhlbauer ID Services GmbH" компаниясы билдирген. Бирок бааны 940 миллион 150 миң сом деп көрсөткөн "Гарсу пасаулис" тендердин жеңүүчүсү болуп чыккан. Буга германиялык компания нааразы болуп, сотко кайрылган.




