Бишкекте 24 жаштагы кызды жеңил унаа сүзүп кетти
Бишкекте жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жеңил унаа 24 жаштагы кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жол кырсыгы бүгүн, 29-майда саат 15:15 чамасында Москва жана Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"25 жаштагы айдоочу Э.Ж. өзүнүн Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып 24 жаштагы Т.Аны сүзүп алган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү иштер аткарылууда", - деп билдирет басма сөз катчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Kyrgyz_bloger

29.05.2019. 23:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коопсуз шаар деген эч кандай пайда бербеди го,жон эле элден акча алуунун жолу беле?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.