super.kg logo

Жугуштуу оорулар ооруканасына май айында 80ден ашык адам кене чагып алганын айтып кайрылган

 

Бишкектеги Жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканасына 80ден ашык адам кене чагып алганын айтып кайрылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Дарыгердин айтымында, кайрылган 80ден ашык адамдын алтоо ооруканага жаткырылган.

"Май айында биздин эле ооруканага кайрылгандардын саны 80ден ашты. Алардын 48и балдар. Бирок башка дагы ооруканаларга кайрылып жатышат да. Мындан улам жарандарды тоого эс алууга чыкканда абайлагыла деп кайрылабыз", - деди дарыгер.

Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө департаментинин мите курттар бөлүмүнүн дарыгери Гүлкайыр Орокчиева кене чагуусунан коопсуздукту сактоо жана чагып алган учурда эмне кылыш керектиги тууралуу маалыматты бөлүшөт.

"Тоого эс алууга чыкканда дене ачык калбагандай жабык кийим кийип, чөп үстүнө жатканда сак болуу кажет. Эгерде кене чагып алса, кенеге май тамызуу керек. Андан соң кененин башынан жип менен байлап акырын чыгаруу керек. Эгер башы үзүлүп калса, анда төөнөгүчтү же ийнени отко ысытып, кенени тикенек алгандай алып, ордун йод же спирт менен сүртүү зарыл. Кенени чыгарган соң аны Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө департаментине түрүн аныктаганга алып баруу кажет. Кененин түрүн аныктаган соң департаменттин кызматкери кайсы ооруканага барып кайрылыш керек экендигин айтып берет", - дейт Орокчиева.

Шаардын тургундары үчүн кененин түрүн Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борборунда аныктайт.

Дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү №36, 2-кабат, 203-иш бөлмөсү. Дарыгер энтомолог Гүлкайыр Орокчиева кабыл алат. Байланыш телефондору: 0312 51-10-16. Кененин түрүн аныктоо баасы - 116 сом.

Башка аймактын тургундары үчүн Республикалык кооптуу инфекциялар жана карантин борборунда аныктайт.

Дареги: Бишкек шаары, Скрябин көчөсү №92. Дарыгер энтомолог Зайнидин Мамыров кабыл алат. Байланыш телефону: 0312 54-33-39.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: