super.kg logo

Филиппин өлкөсүндө мектептин жана колледждин ар бир бүтүрүүчүсү 10дон бак тигүү керек

 

Филиппин өлкөсүндө мектептин жана колледждин ар бир бүтүрүүчүсү жогорку билим алыш үчүн 10дон бак тигүүсү керек. Мындай мыйзам аталган өлкөгө жаңы киргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, көчөт тигүү мыйзамы окуу жылы аяктар убакта аткарылып, ал салтка айлануу менен бирге дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө каршы багыттоо болуп саналат.

"Эгер мыйзам иштеп, бак тигүү иши аткарылса, ар бир муун 525 миллиард бак тиккен болот. Ал эми ошол тигилген бактын 525 миллиону гана өсүп чыкса, анда биздин келечек үчүн абдан пайдалуу. Бирок бак тигүүдө ар бир шаарлар, аймактар өздөрүнүн климатына жараша бактын өсө турган түрүн тигүүсү керек", - деп жазылат мааалыматта.

Ал эми Филиппин өлкөсүнүн Магдало партиясынын төрагасы "ушул көтөрүлгөн демилгеге ыраазы болушубуз керек. Себеби жыл сайын 12 миллиондон ашык башталгыч классты, 5 миллиондон ашык орто мектепти ал эми 500 миңден ашык колледжди биздин окуучулар бүтүрөт. Эгер бул мыйзамды сактап, ар бир окуучу бак тиккен болсо, анда өлкөгө жылына 175 миллион бак тигилди деп эсептей берсек болот", - деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
29.05.2019. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Чиновниктер бакка деп болунгон акчаны жеп коюшуп, эми минтип жаш балдарга уюп салыштыбы.
30.05.2019. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң сонун жакшы демилге ушундай жолу менен деле бак дарак тиксе болот экен го 1 көчөтү 9000 сомсуз эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: