super.kg logo
  Спорт  

Европа Лигасы: Финалдык беттеште "Челси" клубу "Арсеналды" ири эсепте жеңип алды

 

30-майга караган түнү Азербайжандын Баку шаарында футбол боюнча Европа Лигасынын финалында лондондук командалар "Челси" менен "Арсенал" беттешти.

2015-жылы курулган 70 миң кишилик "Олимпийский" стадионунда орун алган беттештин алгачкы бөлүгүндө күйөрмандар бир да голго күбө боло алышкан жок. Алгачкы тайм "Арсеналдын" үстөмдүгүндө өткөнү менен Унаи Эмеринин шакирттери түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышкан жок.

Экинчи бөлүк башталары менен "Челси" командасы активдүү оюн көрсөтө баштады. 49-мүнөттө Палмери Эмерсондун чыгарган тобун Оливье Жиру голго айлантып эсеп саны ачылды. 60-мүнөттө Эден Азардын пасы менен Педро эсепти 2:0гө айлантты. Арадан 5 мүнөт өткөндөн кийин "Арсеналдын" дарбазасына 11 метрлик айып сокку дайындалып, Азар аны таамай аткарды. 69-мүнөттө Алекс Ивоби гол жаратып, голдордун айырмасын кыскартканы менен, 3 мүнөттөн кийин Азар 2-голун жаратып беттешке чекит койду.

Жыйынтыгында 4:1 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан "Арсенал" кийинки сезондо Чемпиондор Лигасына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.05.2019. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсенал утса жакшы болмок кийинки сезондо чемпиондор лигасында ойноп калмак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: