Депутат Түп районундагы айылдарда таза суунун түтүктөрү 60 жылдан бери алмаша элек экенин айтты
"Түп районунун бир катар айылдарында таза суу маселеси курч турат" деп бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров билдирди.
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар кандай маселелер каралууда.
Эл өкүлү өкмөттүн парламенттеги өкүлү Аширбек Темирбаевге кайрылып, бул маселелерди чечүү аракетин көрүүгө чакырды.
"Түп районунун бир катар айылдарында таза суу маселеси курч турат. Ошол эле Кутургу, Ой-Тал, Кичи-Өрүктү, Сары-Булуң, Михайловка айылдарында таза суу 1961-жылы курулган түтүктөр аркылуу чыгат. Туристтерди чакырып жатабыз, райондордо ичүүчү таза суунун жоктугу туура эмес көрүнүш. Бул маселени чечүү үчүн протоколдук тапшырма берип, ушул маселелерди чечип берүү тапшырмасын берсеңиздер. Ысык-Көл облусунун айланасындагы айылдарда таза суу маселесин чечүү керек", - деди депутат.
Мындан сырткары депутат Ак-Суу айылында былтыр курулган саркынды сууларды тазалоочу жай пайдаланууга берилбей жатканын айтты.
"Аталган айылдагы саркынды сууларды тазалоочу жай 6 сотых жер тилкесинде жайгашкан. Учурда ал жер тилке трансформация болгон эмес деп колдонууга берилбей жатыптыр, кечээ сууну өчүрүп салышыптыр. Бул маселени да көзөмөлгө алсаңыздар", - деп кошумчалады депутат.






1 |