Депутат: "Кара-Балтаны таштанды басып кетти"
Кара-Балта шаарында таштандылар алынбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков билдирди.
Анын айтымында, Кара-Балтанын тургундары таштанды маселесин көтөрүп, журналисттерди чакырышкан. "Тиешелүү мекемелер эч кандай чара көрбөй жатат. Тургундар кайра-кайра телефон чалып арызданышууда. Таштанды таштай турган чакалар жок. Чычкандар каптап кетиптир", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

