super.kg logo

Депутат: "Суу чарба департаментин министрликтин курамынан чыгарып, өз алдынча мекемеге айлантуу керек"

 

Суу чарба департаментин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин курамынан чыгарып, өз алдынча мекемеге айлантуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Жогорку Кеӊеш жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.

"Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин курамында департаменттер көп, аткара турган иш-милдети да арбын, ошондон улам көрүнүктүү иш жасалбай калды. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө сугат суу менен камсыз кылуу өтө маанилүү маселе. Ошол себептен улам Суу чарба департаментин министрликтин курамынан алып чыгып, өз алдынча мекемеге айлантуу керек.

Өлкө экономикасын көтөрөлү, айыл чарбасын өнүктүрөлү, элеттиктердин турмушун жакшырталы десек, Суу чарба департаментин өзүнчө министрликке же комитетке айлантуу зарыл. Суу башында турабыз дегенибиз менен агын суунун көлөмү жылдан-жылга азайып жатат", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: