super.kg logo

Ошто ит тиштеп алган баланын абалы канааттандырарлык

 

Ошто ит тиштеп алган баланын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Окуя кечээ, 29-май күнү саат 22:00дө болгон. Жабыркаган баланы шаардагы облустар аралык балдар клиникасына окуянын күбөсү алып келген. Балага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, кутурмага каршы вакцина сайылган. Анын абалы канааттандырарлык. Учурда ал аталган оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланып жатат", - дейт маалымат кызматы.

Ал эми Ош шаарындагы облустар аралык балдар клиникасынан жабырлануучуну тиштеп алган ит белгисиз экенин билдирди.

"Баланы жарамазан айтып жүргөндө белгисиз ит тиштеп алган. Итти кутурган же кутурган эмес деп айта албайбыз. Эгер итти кармаса аны 10 күн байлап, абалын байкап көрөбүз. 10 күн аралыгында итке эч нерсе болбосо бала дарылануусун токтотот. Ал эми белгисиз бойдон калса, анда жабырлануучу кутурмага каршы 5 жолу вакцина алат", - дейт ооруканадан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: