1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бишкек мэриясынын бул күнгө даярдаган программасы
1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкек шаардык мэриясы уюштурган иш-чаралардын программасы төмөндө көрсөтүлөт:
1-июнь, саат 10:00дө: Эмен багында "Баластан" балдар программасы башталат. Майрам ээлери үчүн бул жерде алардын оюн куруусуна музыкалык-көңүл ачуучу программалар коюлган 50 янтча ачылат. Анда интерактивдүү, улуттук, спорттук оюндар ойнотулат. Атайын ар түрдүү багыттагы спортчулар балдар менен ойнойт. Мындан тышкары "Балдардын китеп дүйнөсү" деп аталган аянтча да абдан кызыктуу жасалат жана ал жерден фотозона орун алат. Балдар асфальтка сүрөт татып, түрдүү оюндарга, мастер-класстарга катыша алышат.
Саат 11:00дө: Кыргыз мамлекеттик циркинде социалдык жактан коргоого муктаж жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына атайын цирк көрсөтүлөт.
Бишкек шаарындагы Ленин районунда:
31-майда, саат 10:00дө: "Фламинго" паркында 580 балага эс алуу уюштурулат. Алар үчүн сынактар, викториналар, жомок каармандары менен жолугушуулар, балдар үчүн шоу, колго жасалган буюмдардын көргөзмөсү, "чеберлер шаарчасы", сүрөт тартуу боюнча сынак болот. Балдарга таттуулар жана балмуздак таратылат.
2-июнда саат 11:00дөн 14:00гө чейин: "Дельфин" бассейнинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 100 балага эс алуу уюштурулат.
Бишкек шаарындагы Октябрь району:
1-июнь саат 11:00дө: миң балага ылайыкталган жайда "Бишкектин 125 жылдыгы" паркында концерт өтөт.
1-июнда "Аю-Гранд" соода-көңүл ачуучу комплексинде 300 бала үчүн көңүл ачуучу мелдештер менен коштолгон интерактивдүү формадагы майрамдык иш-чара өтөт.
Бишкек шаарындагы Биринчи Май району:
31-май, саат 10:00дө: "Жаштар" сейил багында балдар арасында спорттук мелдештер башталат. Ага 200дөй бала катышат. Саат 12:00дө балдарга майрамдык түштөнүү тартууланат.
Бишкек шаарындагы Свердлов районунда:
31-майда саат 11:00дөн 14:00гө чейин: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга "Дордой Плаза 2" оюн-зоок борборунда майрамдык иш-чара өтөт.
1-июнда саат 10:00дөн 11:30га чейин: Кыргыз мамлекеттик циркинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, 7-Апрель окуясында каза болгондордун жана Черноблдагы жардыруунун кесепеттерин жоюуга катышкандардын балдарына цирк көрсөтүүсү болот.
1-июнда саат 15:30дан 18:30га чейин: ЦУМдун түндүк тарабындагы аянчада балдарга арналган майрамдык оюн-зоок өтөт. Анда майрам ээлерине таттуулар тартууланат.
1-июнда саат 12:00дөн 15:00гө чейин - "Айданек" реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары "Жим жана Роол" оюн-зоок борборуна барышат.
Жаралган суроолор боюнча төмөнкү номерлерге чалып, жооп алса болоорун мэрия кабарлайт:
Свердлов району: Алымбекова Бактыгүл Токбаевна – 0559-397979, 0500-397979;
Ленин району: Жакут Кыдыкбекович – 0552-042215;
Октябрь району: Зарема Данияровна – 0505-254193;
Биринчи Май району: Мусарова Зульфия Нурвундинова – 0555 239028.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

22:06
2025-07-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Anaraalieva

31.05.2019. 09:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аянтта,"Панфилов" паркта эмне болот? аттракциондор бекер болобу?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.