super.kg logo
  Саясат  

Бишкек мэри Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

 

Бүгүн, 1-августта Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Оруджиев Гидаят Худуш Оглы менен жолукту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда борбодогу Гейдар Алиев атындагы сейил бакты көрктөндүрүү жана оңдоп-түзөө маселеси талкууланды. Азыркы учурда эки өлкөнүн архитекторлору сейил бактын долбоорунун үстүндө иштешүүдө. “Сейил бак шаардыктардын эс алуучу жери болот. Ал жерден Гейдар Алиевдин өмүрү, басып өткөн жолу жөнүндө маалыматтарды алса болот. Ошону менен бирге сейил бак эки өлкөнүн ортосундагы ынтымак менен достукту чыңдоого кызмат кыларына ишенем”,- деди шаар башчысы И.Өмүркулов. Мындан сырткары Азербайжандын колдоосу менен Бишкек шаарына курулчу мектеп маселеси каралды. Шаар башчысы Иса Өмүркулов мектеп үчүн шаардын борборунан жер бөлүнүп, мектеп Гейдар Алиевдин ысымында болорун белгиледи. Белгилей кетсек, Гейдар Алиев 1993-2003-жылдары Азербайжан Республикасынын президенти болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: