super.kg logo

Жергиликтүү маалымат каражаттары Бажы кызматынын мурдагы төрагасы өлкөдөн чыгарылган ири суммадагы акча Кытай жарандарыныкы экенин айтканын жазды

 

Жергиликтүү маалымат каражаттары Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Азамат Сулаймановдун өлкөдөн чыгарылып кеткен ири суммадагы акча каражаттар тууралуу айткан билдирүүсүн жазды. Анда Сулайманов Бажы тармагында 25 жыл иштеп, бул системди ичинен абдан жакшы билерин айтканы жазылат.

Сулаймановдун билдирүүсүнө таянып жазылган маалыматка ылайык, “Азаттыктын” Кыргыз өлкөсүнөн чыгарылып кетти делген ири суммадагы акча каражаты тууралуу иликтөөнү көргөндө дароо кайсы акчалар жөнүндө кеп болуп жатканын түшүнгөн. Кабарда анын билдирүүсү төмөнкүдөй жазылат.

"Маалымат бир тараптуу болбой, коомчулукка эки тарабы тең жетиши керек. Бул акчалар кытай ишкерлердин Кыргыз өлкөсүнө жиберген товарларынын акчасы.

Бул айлантылган акча каражаттарынын бир гана бөлүгү, анткени Кытай менен товар айлантуу 2 миллиард доллардан ашты, расмий түрдө. Акча Орусия, Өзбекстан, Казакстан тарапка, ишкерлер кайсы өлкө жакка соода-сатык жүргүзсө, ошол тараптарга которулуп кетет. Бул рыноктук мамиле жана жашыруун эч нерсеси жок. Бул жакта "эмне себептен которулган акчалар бир гана адамдын аты аркылуу болуп жатат" деген суроо туулуп жатат. Мунун жообу эң жөнөкөй. Импорт тарабында миң адам иштесе ар бири 10 миң, 15 миң доллардан акча которуу кымбат да болот, убакытты да алат. Ошондуктан булар кооперация болуп биригип акчаны которууга аракет кылышат. Бул илгертен берки эле келе жаткан тажрыйба. Мындан тышкары, бизде валюталык көзөмөл жок, ошондуктан акча эркин жүгүртүлөт, муну туура деп эсептейм”, – деп белгиледи Азамат Сулайманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
31.05.2019. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бирдемени жебегилечи кытайларды билем кантип акча которгонду
31.05.2019. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
anash,ыы ушу сеники туура,,Эчнерсе билбейсин тактап койгонго эринесин. Анан интернетте бакыр чакыр сага окшогондор
Nursbaike түзөттү 2019-05-31 20:19:10
31.05.2019. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз нени билет элек биз айтабыз силер колдогоносунар ошондо жон акча которуу дегенинерби. Элдин каргышы жаман
01.06.2019. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен ишенбедим
01.06.2019. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун да текшериш керек го ушуну айткан эски жетекчини Бир билгени бар ошон учун соз тийгизбей атат да
02.06.2019. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суроттогу гилтейип чылкыйып олтурган ким? Тааныбадым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: