super.kg logo
  Саясат  

Каржы полициясы Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иши боюнча алгачкы жолу үн катты

 

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчиси Бакир Таиров Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү ишинин жүрүшү боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда алгачкы жолу үн катты.

"Жакында эле "Азаттык" радиосу тараткан маалыматтарды текшерип чыктык. Анда айтылган миллиондогон долларлар "Дордой", "Кара-Суу" жана "Мадина" базарларындагы соодагерлердин товар алып келүү үчүн жиберген акчалары болушу мүмкүн деген маалыматтар бар. Ай сайын 15, 20, 30 соодагер биригип, чет өлкөгө акча которушат.

Маалыматта айтылган 6 миллиард боюнча да текшерүү жүргүздүк. Ал каражат "Дордой", "Кара-Суу" менен "Мадина" базарындагы ишкерлердики болуп чыкты", - деди Таиров.

Өткөн жылдын 19-декабрында президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынында Матраимовдун мүлкү текшериле турганын айткан.

31-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшере баштаганын билдирген.

"Райым миллион" каймана аты менен белгилүү болгон Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары болуп турган. 2017-жылдын 23-ноябрында ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен кызматынан алган. 2018-жылы 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Сапар Исаковду сотко берген. Райымбек Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган эле.

Өткөн жылдын 25-июлунда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарып, 28-декабрда Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот ал чечимди күчүндө калтырган.


кошулду





Өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 миллион доллар кимдики?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: