super.kg logo
  Спорт  

Мохаммед Салах менен Дивок Оригинин голдорунун жардамы менен "Ливерпуль" 6-жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алды (хронология)

 

Кутмандуу кечиңиздер менен, ардактуу футбол күйөрмандары! Бүгүн, 2-июнга караган түнү Чемпиондор Лигасынын финалында англиялык клубдар "Ливерпуль" менен "Тоттенхэм" беттешет. Оюн саат 1:00дө башталып, Мадрид шаарындагы "Ванда Метрополитано" стадионунда орун алат. SUPER.KG порталы бүйүр кызыткан беттешти онлайн чагылдырат. Андыктан биз менен бирге болуңуздар!

00:37. Алгач командалардын негизги курамы менен таанышып алыңыздар:

1:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш башталды.

1:01. Го-о-о-л! Мохаммед Салах! Оюндун алгачкы мүнөтүндө эле "Ливерпуль" пенальти аткаруу укугуна ээ болуп, аны египеттик чабуулчу таамай аткарды.

1:07. Алгачкы мүнөттөрдө "Ливерпуль" активдүүрөөк аракеттерди жасоодо.

1:08. "Тоттенхэмдин" алгачкы соккусу дарбазадан өйдө кетти. Сон Хын Мин коргоочуларды алдап өтүп, айып аянтчасына кирип келди. Бирок дарбазага жакын жерден сокку узатууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

1:15. Эрте жаралган гол оюн нугун жайлатып койду. Эки команда тең абайлап оюн алып барууда.

1:17. Беттеш бир саамга токтотулду. Буга талаага чуркап чыга калган жарым жылаңач кыз себеп болду. Көп өтпөй стюарддар аны талаадан алып кетишти.

1:19. "Тоттенхэмден" эң кооптуу абал орун алды. Сон Хын Мин менен Деле Алли дарбазачыга бетме-бет чыгып кала жаздады. Соңку учурларда топту тосуп калган коргоочуларга бали!

1:23. "Ливерпуль" бурчтан чыгаруу аткарып, бирок кооптуу абал жарата алган жок. Топ лондондук клубдун карамагында.

1:26. Биринчи таймдын жарымынан көбү жыйынтыкталды. Акыркы мүнөттөрдө "Тоттенхэм" топту көбүрөөк башкарууда.

1:32. Деле Алли коргоочуларды алдап өтүп сокку узатты. Бирок анча күчтүү эмес сокку коргоочунун бутуна тийип калды.

1:38. "Ливерпуль" ылдам чабуулга чыкты. Эндрю Робертсондун алыс аралыктан узаткан соккусун дарбазачы тосуп калууга үлгүрдү.

1:41. Алгачкы бөлүктүн аякташына 5 мүнөткө жетпеген убакыт калды. Лондондук клуб топко көбүрөөк ээлик кылганы менен, атаандашынын дарбазасына көп жакындай албай жатат.

1:45. Беттештин негизги убактысына 2 мүнөт кошулду.

1:47. Алгачкы тайм соңуна чыгып, командалар эс алууга кетишти.

2:02. Беттештин 2-бөлүгүнө старт берилди. 45 мүнөттөн кийин кубокко ким ээ болорун билебиз.

2:13. Лондондук клуб эсепти теңегенге аракет кылууда. Ливерпулдук клубдун дарбазасына бир нече чабуул жасалды. Маурисио Почеттинонун шакирттери оюндун аягында күчтөнүп кетерин эске алсак, беттештин эң кызык учурлары алдыда экенин божомолдоого болот.

2:28. Уго Льористин дарбазасына бурчтан чыгаруу дайындалды. Коргоочулар топко биринчи жетип, талаадан чыгарып жиберди. "Ливерпуль" чабуулун улантат.

2:31. Жеймс Милнер 7-8 метрдей аралыктан сокку узатты. Топ дарбазадан бир нече сантиметр аралыкта өттү.

2:33. Салах топту атаандаштын дарбазасына жакын алып келип, Садьо Манеге узатты. Топту Манеге жеткирбей коргоочулар алыска тээп жибергенге жетишти.

2:37. Сон Хын Мин дарбазага жакындап келгени менен, сокку узатууга жетишпей калды. Андан топту Виргил ван Дейк тартып алды. Абдан кооптуу абал.

2:40. Деле Алли топту дарбазаны көздөй сүздү. Топ мамыдан өйдө кетти.

2:42. "Тоттенхэмден" бир нече секундда эки сокку. Алгач Сон Хын Мин, кийин Лукас Моура, бирок экөөнү тең Алисон тосуп калды.

2:46. Кристиан Эриксен дарбазага жакын жерден айып сокку аткарды. Дарбазага таамай багытталган топ дарбазачыдан өтө алган жок.

2:49. Го-о-о-л. Алмашууга чыккан Дивок Ориги эсепти 2:0гө айлантты. Бурчтан чыгарылган топ сол капталда турган Оригиге келип, ал таамай сокку аткарды.

2:52. Беттештин негизги бөлүгү аяктап кошумча 5 мүнөт убакыт берилди.

2:57. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш соңуна чыкты. Салах менен Оригинин голдору "Ливерпулга" 6-жолку Чемпиондор Лигасынын кубогун алып келди.






Чемпиондор Лигасы: "Ливерпуль"-"Тоттенхэм" 2:0

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(13)
02.06.2019. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салах алга!!!
02.06.2019. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салам Достор приложение "Час Тв" кочуруп "Матч Тв" туз эфирде корсонор болот.
ТВнын пультун баскылабай эле койгула К.р каналдарында туз эфир жок.
Баарынарга ийгилик. Ливерпуль АЛГА.
02.06.2019. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aza17,рахмат
02.06.2019. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aza17,Аза красавчик молодчик. Мен Гүлчөдөн реально көрдүм сенин жардамың менен. А так лайк тебе
02.06.2019. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Онлайн видео жокпу?
02.06.2019. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматтуу суперчилер кантип корсок болот
02.06.2019. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mika8484,матч тв кор
02.06.2019. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bekboloooot,рахмат
02.06.2019. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Саламатсызбы? Кыргыз телеканалдары оюнду туз алып бербейт. Чет элдик каналдардан же интернет булактарынан гана коро аласыз.
02.06.2019. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргызстандын каналдарына дагы да онугуу керек экен казак озбектерге жетиш кыйын го
02.06.2019. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ливерпуль чемпион болду, бирок оюн кызыксыз болду финалдагы оюндай болгон жок мен үчүн.
02.06.2019. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татыктуу чемпион, оюн жакшы болду Тоттенхемге ийгилик гана жетишпей калды.
02.06.2019. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уго льористи айып эле кылдынар Тоттенхэм уят
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: