super.kg logo

Египетте Орозо айынын урматына эң узун дасторкон жайылды

 

Египетте Орозо айынын урматына эң узун дасторкон жайылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, Каир шаарынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан өлкөнүн жаңы административдик борборунда жайылган дасторкондун узундугу 3 чакырымга жеткен. 7 миң кишини коноктоого жете турган тамак-аш даярдалып, Египеттин улуттук тамактары коюлган.

Аталган иш-чарага "Гиннесстин рекорддор китебинин" атайын комиссиясы дагы келген. Алар рекордду каттоо чечимин бир нече күндөн кийин чыгарышат. Буга чейинки рекорд Бириккен Араб Эмираттарында катталып, дасторкондун узундугу 2900 метрге жеткен.

Азырынча аталышы жок жаңы административдик борбордун курулушу 2015-жылы башталган. 700 чарчы чакырым аянтты түзгөн шаардын курулуш иштери 2020-жылы курулуп бүтөт жана болжолдуу 6 миллион адамга ылайыкташкан. Аталган шаарга өкмөт, парламент баш болгон негизги бийлик бутактары көчүп келип, өлкөнүн административдик жана экономикалык борборуна айланат. Долбоорго 45 миллиард доллар бөлүнгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(7)
02.06.2019. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушинтип чачылбай эле коюшпайбы. Обу жок болуп кетишет.
02.06.2019. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pat12,сооп, бизделе ооз ачар кылабыз го.
03.06.2019. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
pat12, сенин чөнтөгүңөн кеттабы?
03.06.2019. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сооп болбосо куруп кетсин. Жон эле орозону мода кылып алышты. Азыркы молдолор оюнан ар нерсени ойлоп чыгара беришет.
Ka2sr1 түзөттү 2019-06-03 09:39:49
03.06.2019. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ka2sr1, сен ифтар жөнүндө түшүнүгүң болбосо унчукпай эле койда
03.06.2019. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlan27011987, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
03.06.2019. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга ишенуу бир гана журокто. Андип ашыкча ифтар уюштура беруу кажет эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: