Бишкекте 19 жаштагы унаа башкарган айдоочу эне-баланы сүзүп, алар кырсык болгон жерде каза болушту
Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда жеңил унаа 34 жаштагы аялды төрт жашар баласы менен сүзүп, алар кырсык болгон жерден каза болушту. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-июнь күнү Шералиев көчөсүндө катталган. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны 19 жаштагы З.К. аттуу айдоочу айдап бара жаткан. Ал эне-баланы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн сүзгөн.
"Алгач айдоочу кырсык болгон жерден качып кетип, кийинчерээк милицияга өзү келген. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
jalgyzym...

03.06.2019. 12:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым ааай! Айдаганды уйронуп жол эрежени сактап анан чыккылачы жолго. Анан жоо жургон элдер этият болуп откуло. Азыр праваны сатып алып жатышат окубай эле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.