Бишкекте 4-июндан баштап ысык суу бериле баштайт
Шаар тургундарына 4-июндан баштап ысык суу бериле баштайт. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ысык суу пландалган күндөн эки күн эрте берилүүдө. Буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгон.
Ысык сууну толугу менен берүүгө 3 күн убакыт кетет. Алгач суу бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык маанилүү объектилерге берилет. Ысык суу берилерде аристон сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу сунушталат. Кошумча суроолор болсо, төмөнкү телефондорго чалсаңыздар болот.
Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: 0312 61-11-69, 1980.
Диспетчер кызматы: 56-85-58.
Борбордук райондордун нөөмөттөгү инженерлери: 36-57-19, 30-07-67.
Шаардын түштүгүндөгү райондордун нөөмөттөгү инженерлери: 51-06-22, 21-74-06.
Бишкекте 6-майдан 6-июнга чейин көп кабаттуу үйлөргө ысык суу берүү суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулган.


1 |