super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө банктык карталардын саны өсүүдө

 

Бүгүн, 3-июнда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Улуттук банктын 2018-жылдын иши жөнүндө отчёту угулууда.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өткөн жылы аткарылган иштер тууралуу жалпы маалымат берди.

"Учурда өлкө аймагында 25 коммерциялык банк бар, анын ичинде бүгүнкү мыйзамдарга ылайык 2-3 банк өз милдеттерин аткара албай жатат. Былтыр насыяларга 12 миллиард сом сунушталган. Чыгарылган банктык карталардын саны 20 пайызга өсүп, 2,4 миллиондон ашкан.

2019-жылдын 1-январына карата өлкө аймагында орнотулган банкомат 1,6 миң бирдик, пост-терминалдардын саны 10 миң бирдикти түзгөн", - деди Абдыгулов.

Депутат Зиядин Жамалдинов "Отчётто "ижаралар үчүн төлөмдөр" деп турат, ал ижараларга кеткен эмне төлөмдөр?" деп суроо узатты.

Буга Толкунбек Абдыгулов “Улуттук банкта мындай чыгымдар жок. Бул төлөмдөр "Росинбанкка" кеткен чыгымдар” деп жооп берди.

Ошондой эле эл өкүлү насыялар улуттук валютада берилсин деген жобо бар экендигин жана бул нерсе ишке ашып жатабы деп суроо узатты.

Буга Улуттук банктын төрагасы: "Ооба, доллар менен насыя берүүгө тыюу салынган. Бүгүнкү күндө насыялар улуттук валютада берилип, доллар менен насыя берүү кыйла азайтылган", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: