super.kg logo

"Соттордун Ак Үйдөгү куратору" деген атка конгон Манасбек Арабаев кармалды

 

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Чет өлкөлүк инвесторлордун объектилерин рейдерлик жол аркылуу тартып алуу менен алектенген айрым кылмыш топторунун кызыкчылыгы үчүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган адамдарды жоопко тартуу иштери уланууда.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "коррупция" беренеси боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде Манасбек Арабаевдин жогоруда айтылган кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды.

2-июнда Арабаев кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Манасбек Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февралынан 2018-жылдын 15-майына чейин аркалап келген. Ал "саясий жетекчиликтин ишениминен чыкты" деген жүйө менен иштен алынган.

Буга чейин Арабаевдин дарегине "Ак Үйдө туруп сотторго кураторлук кылууда" деген сындар айтылып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(4)
03.06.2019. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштарды энсегендер эми барып кабар алып тургула.
03.06.2019. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаевдин убагында и анын кол астында иштегендердин арасынан таза иштегендерди табуу ото кыйын.
03.06.2019. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыркы учурда таза иштегендер көбөйдү дегени туурасыңбы.
Азыркылар тоскоолдуктарды тазалап атышат алдына алып эскилердин бизнесин тартып алганы.
03.06.2019. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жалган сценарий ойлоп таап канчасын каматты Эми жооп берсин ошолорго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: