super.kg logo

Ошто жол кырсыгынан "Ынтымак" телеканалынын 32 жаштагы кызматкери каза болду

 

Ош шаарында Озгур айылына бара жаткан жолдо эки унаа сүзүшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-июнь күнү болжолдуу саат 16:30 чамасында катталган. Анда Озгур айылынын тургундары Матиз унаасы менен шаардан Озгур айылына бара жатканда Мерседес-Спринтер маршруттук такси менен сүзүшкөн.

"Матиз унаасында жубайлар бара жаткан. Рулду башкарган айдоочу уктап кетип кырсыкка кабылган. Мындан улам эки унаадан 4 адам жабыркаган. Алар ооруканага жеткирилип, алардын ичинен Матиз унаасында бара жаткан 32 жаштагы аял каза болгон. Жабыркагандардын аты-жөнү такталып, каза болгон аял "Ынтымак" телеканалынын кызматкери Замира Таштанбекова экени аныкталган. Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, тергөө иштери башталды", - деп билдирет Ош ШИИБинен.

Каза болгон аялдын артында 5 баласы калды.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Замира Таштанбекованын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.06.2019. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын,кырсык каш кабактын ортосунда.Бирок айдоочулардын шалаакылыгынын айынан канчалаган бейкуноо адамдар курман болуп жатышат.Рульда уктагандар менен сабаты жок окубай права алгандардын айынан болуп жатат ушунун копчулугу
04.06.2019. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун!
Инициалын эле жазчу элеңер го, эмне болду ачык жазып калыпсыңар?
04.06.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун, Аллах билип билбей кылган куноолорун кечирген болсун! БАйкуш жаш экен эле эми балдарынын тагдыры эмне болот (((
04.06.2019. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы автонун башкаруучусу уктап кеткен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: