super.kg logo

Экс-башкы прокурор Аида Салянова кармалды. ИИМ маалыматты четке какты

 

Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайрадан каралып жаткан иштин негизинде кармалды. Мындай маалыматты юрист Искендер Афиджанов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Мен учурда ИИМдин имаратынын жанында турам. Азыр Аида Салянова Батукаевдин иши боюнча кармалды", - деп билдирди ал.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына кайрылганыбызда "маалымат так эмес, азырынча белгисиз" деген жоопту айтышты.

Аида Салянованын жанында болгондор бүгүн түшкү саат 15:00дөн бери Салянова суракка алынып, ошондон бери чыга электигин айтышты.

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. 21-майда мурдагы вице-премьер министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.





Экс-башпрокурор Аида Салянова кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
03.06.2019. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура чечим,камаш керек !
03.06.2019. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аны камабагыла анын баласы 18 ге чыга элекда,уят болот.........
04.06.2019. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
interpol,Сага уят болот антип жазба 18ге баласы чыга элек деп.Закон баарына бирдей иштесе камаш керек хотя бы уй шартында
04.06.2019. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Dembele84,мен муну какшык иретинде жазгам. Күнөөсү болсо мансабы абалына карабай жооп бериш керек. Эки жыл мурда Саляновага кылмыш иши ачылып сотко өтүп анан анын баласы жаш экен жаза мөөнөтүн баласы 18 ге чыканда аткарат деп бошоткон. Сен Салянова жөнүндө баарынан кабардар болгонуңда "уят" болот дегениме түшүнмөксүң
interpol түзөттү 2019-06-04 10:10:49
04.06.2019. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Команда берген Ашаны камабайсынбы Соке духун жетеби Ашаны камаганга.
04.06.2019. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altyn2017, ошого акырыын баратаи да
04.06.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altyn2017,
Жакын арада Жээнбеков дагы камалат. Жэ Жээнбеков качат.
04.06.2019. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул прокурор айым Батукаев маселесин гана эмес, андан башка толтура АШАнын былыктарын билет.............мына бир зекти бошото коёбуз деп дагы канчасы зек болоор экен
04.06.2019. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге эч ким жакпайт. Камаса камады дейбиз камабаса камабайт го деп турабыз. Өзүбүздүн саясатчыларга окшоп элибизде да позиция жок ары бери ооп турабыз. Же туура эмес айттымбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: