super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуя боюнча өкмөттүн токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат берүүдө

 

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуя боюнча өкмөттүн токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат берүүдө.

"Чек ара маселеси боюнча премьер-министр тарабынан 18 пункттан турган иш-чаралар бекитилген. Министрликтер менен мекемелерге өкмөттүн ар бир иш-чарасын аткарышы боюнча квартал сайын маалымат берүү боюнча тапшырмасы коюлган. Биздин максат Кыргыз-Тажик чек арасын делимитация жана демаркация иштерин жүргүзгөн өкмөт аралык комиссиясынын ишин активдүү жүргүзүү, Баткен районунун айылдарындагы социалдык, экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу", - дейт ал.

3-апрелде депутаттар токтом кабыл алып, Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселелерди чечүүнү өкмөткө тапшырышкан.

13-мартта Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 4 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.

18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыккан. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшкан. Протоколго ылайык, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышкан. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: