super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер: "Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолдорун курууга 25 миллион сом бөлүндү"

 

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча өкмөттүн токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара менен чектеш жайгашкан айылдардын жолдорун куруу боюнча тапшырма коюлганын айтты. "Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулушу 2013-жылы башталган. Жалпы узундугу 24 жарым километрди түзгөн. Бирок жумуш учурунда талапка байланыштуу 2 жарым километрге узартылууда. Долбоор боюнча 5-техникалык категориядагы шагыл жол, сметалык баасы 606 миллион сом, ал эми өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен ЖТАК "Жалал-Абад СМУТТ" ишканасы 536,2 миллион сом сунуштап жеңүүчү деп табылган. Аталган унаа жолдун курулушу башталгандан бери жалпы аткарылган жумуштун көлөмү 165,5 миллион сомду түзөт. Өкмөттүн 17-майдагы буйругу менен аталган жолдун курулушуна 120 миллион сом каралып, 29-майда 25 миллион сом каржыланды. Учурда курулуш иштери жүрүүдө", - деди Разаков.

3-апрелде депутаттар токтом кабыл алып, Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселелерди чечүүнү өкмөткө тапшырышкан.

13-мартта Көк-ТашАк-СайТамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 4 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.

18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыккан. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшкан. Протоколго ылайык, Көк-ТашАк-СайТамдык унаа жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышкан. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: