super.kg logo

Айт бүгүнбү же эртеңби? Муфтият менен Чубак Жалиловдун пикири дал келген жок

 

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Мусулмандар дин башкармалыгы 5-июнь күнү Орозо айт майрамы белгиленерин жарыялаган.

Бирок айрым диний ишмерлер Айт майрамы 4-июнда белгилене тургандыгын айткан аудио жана видеолор социалдык тармактарда талкуу жаратып, айттын так күнү кайсы деген суроо жаралды.

Муфтияттын басма сөз кызматы аталган талкууларга түшүндүрмө берип, Орозо айт майрамы 5-июнда белгиленерин дагы бир ирет тастыктады.

"Сауд Арабия, Түркия, Орусияда Ай көрүндү деп айтып жатышат. Бирок биз, Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекетпиз. Шариятта айтылгандай, жөө жүргөндө бир айлык жолго чейинки мамлекеттерди ээрчисек болот. Ал эми Сауд Арабия бизге бир айлык эмес, бир канча убакыттык жол. Ошон үчүн Сауд Арабиясын ээрчүүгө милдеттүү эмеспиз. Кыргыз мамлекети, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Индия, Пакистан, Малайзия Орозо айт майрамын 5-июнда белгилешет", - деп билдирди басма сөз катчы.

Ал эми белгилүү диний аалым Чубак Жалилов Айт майрамынын датасын орозонун 29-күнү кечинде гана так айтууга болорун айтат. Анын мындай пикирин билдирген видеосун социалдык түйүндөрдөн көрүүгө болот.

"Орозонун башталышы Орозо айынан мурда келген Шаабан айынын 29-күнү гана белгилүү болот. Ошондой эле орозонун бүтүшүн 29-күнү кечинде айтууга мүмкүн. Андан 3 күн мурда же 1 күн мурда айтылуусу шариятка каршы келет.

Мындан сырткары шарият боюнча дүйнөнүн кайсы өлкөсүнөн болбосун Ай көрүнүп, орозонун бүтүшү аныкталса калган мусулмандар ага баш ийиши керек", - деп билдирген Жалилов.

Аталган видеонун качан тартылганы боюнча так маалымат жок. Маалыматты тактоо үчүн Чубак Жалилов менен байланышканыбызда ал "Муфтиятка кайрылгыла" деп кыска жооп берип, Муфтият менен өзүнүн пикириндеги айырмачылыктар боюнча түшүндүрмө берген жок.






Чубак Жалилов Орозо айт тууралуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
04.06.2019. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Максат ажы туура айтты. Эркек.
04.06.2019. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эми биз ар нерсени айта беребиз.Муфтият эмне десе ошо да озу жооп берет кийин туура эмес болсо
04.06.2019. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Урматуу super.kg сайты бул видео 2.3жыл мурунку видео. Антип элдин башын оорутпасанар. СУРАНЫЧ
04.06.2019. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул Чубак ажы муфтий болуп тургандагы видео болуш керек
04.06.2019. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Муфтияка баш ийебиз, кыяматта ошолор жооп берет. ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-06-04 15:34:23
04.06.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Динде талашуу жок, Чубак ажы менен Максат ажынын ортосуна от жакпагыла!
04.06.2019. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Defend.,
Чүбак менен Максат периште же кудай бекен. Мейли уруша беришсин. Көрөлүк ким короз ким тоок экенин
04.06.2019. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
erlan2196, уруш көргүдөй чоң атаңдын октагонунда олтурасыңбы? Бул эки аалым азыркы тапта Кыргыз элине өтө керек, сага эмес Кыргыз элине!
04.06.2019. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Азыркы молдокелердин сөзүн сеники чын деп отура берсең ар кимиси ар кайсы салтты ойлоп чыгара беришет. Чубак Жалилов жаштарды эки аял алууга үндөбөй, эң биринчи билимдүү болууга үйрөтсүн. Бир карасаң гинеколог, уролог, секспатолог болуп алган. Баардык молдолор ар кайсы нерсеңе кийлигише беришет.
04.06.2019. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Мусулманбыз деп эле узун сакал коюп, арабтардын салтуу кийимин кийип ыймандуу көрүнгөндөн көрө, жасаган ишибиз, мамилебиз м-н ыймандуу көрүнөлүк. Исламдын атрибуттарын көчөгө реклама кылбай эле коелучу. Кантсе да эң биринчи ички дүйнөнүн тазалагы биринчи орунда. Ар кимге окуган намазыбызды тануулап болбойт.
04.06.2019. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Erlan2196 оло акылдуу экенсин ээ молодец. Буга чейин кайда журдун, адашкан элге туура жол корсотпой!?
04.06.2019. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Baicho_0707, ал индюктарга табылбай эле калды да
04.06.2019. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асаламу алейкум мен Россияда болгондугума караштуу Айт маарек болсун демекчимин Суперди сыртагыларда окуйт болуш керек .Мен ыраазы болдум себеби ак караны ацырмалап калыбтырбыз .ХХХХ ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-06-05 10:15:59
04.06.2019. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо силерден абдан сураныч мага Чубак ажы аябай керек болуп жатты эле байланыштырып койгулачы Аллах Тааламдын ыразылыгы учун!Же номери болсо личкама жазып койгулачы?Байланыштырып койсонор аябай соопто калмаксынар.
04.06.2019. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо кимдики туура эмес?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: