super.kg logo

Вице-премьер чек арада жайгашкан айылдардын жаштарынын жогорку окуу жайларга өтүүсү үчүн жеңилдиктерди берүү боюнча кандай иштер аткарылып жатканын айтты

 

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча өкмөттүн токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.

Анда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек арада жайгашкан айылдардын жаштарынын жогорку окуу жайларга өтүүсү үчүн жеңилдиктерди берүү боюнча кандай иштер аткарылып жатканын айтты.

"Билим берүү" мыйзамында айыл жаштары үчүн жогорку окуу жайларга тапшырууга жеңилдиктер каралган. Жогорку Кеңештин чечимин аткаруу максатында учурда чек ара аймактарда жайгашкан мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө сапаттуу мониторинг жүргүзүлүүдө. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштар берилет", - дейт Разаков.

3-апрелде депутаттар токтом кабыл алып, Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселелерди чечүүнү өкмөткө тапшырышкан.

13-мартта Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 4 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.

18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыккан. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшкан. Протоколго ылайык, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышкан. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: