super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Азыркы учурда чиновниктер чечим кабыл алгандан коркушат"

 

"Азыркы учурда чиновниктер чечим кабыл алгандан коркушат" деп бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Исхак Пирматов билдирди.

Ал чечим кабыл алгандан корккон кадрларды кызматтан кетирүү керектигин айтты. “Жоопкерчиликтен корккон адам мыйзамдарды билбейт жана анын билим деңгээли төмөн. Мындай кадрларды кызматтан кетирүү керек”, - дейт депутат.

Депутат өкмөт мүчөлөрүн Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселесин тез арада чечүү керектигин белгиледи.

Жыйында Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча өкмөттүн токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.

3-апрелде депутаттар токтом кабыл алып, Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселелерди чечүүнү өкмөткө тапшырышкан.

13-мартта Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 4 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.

18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыккан. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшкан. Протоколго ылайык, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышкан. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: