Вице-премьер: "Баткендин чек арага жакын жайгашкан айылдарында фельдшердик-акушердик пункттарын жабдуулар менен камсыз кылуу маселеси каралат"
Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча өкмөттүн токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.
Анда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткендин чек арага жакын жайгашкан айылдарында фельдшердик-акушердик пункттарын жабдуулар менен камсыз кылуу маселеси карала турганын айтты.
"Ак-Сай, Көк-Таш, Таш-Тумшук, Капчыгай, Үч-Дөбө, Ак-Татыр фельдшердик-акушердик пункттарын жана №10 Орто-Боз үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун кошумча медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу максатында 2019-жылдын 3-кварталына сатып алуулар порталына берүү пландалууда. Ал эми Ак-Сай фельдшердик-акушердик пункту медициналык тез жардам унаасы менен камсыз кылынып, бүгүнкү күндө элди медициналык жактан тейлөөдө", - дейт Разаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Sahka

04.06.2019. 17:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок болчу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.