Баткендин тургундары тажик улутундагы адамдардын мыйзамсыз курулган үйлөрүн бузууну талап кылып, Исфана-Андарак жолун тосуп алышты





Баткендин тургундары Исфана-Андарак жолун тосуп алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облусунун тургуну билдирди.
"Исфана-Андарак жолун жергиликтүү тургундар жаап алышты. Жол кечээтен бери ачылбай, Исфана шаарына каттай албай жатабыз", - деди тургун.
Маалыматты Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова тастыктады. Анын айтымында, жергиликтүү тургундар Сумбула айыл аймагына караштуу Искра айылындагы тажик улутундагы атуулдардын мыйзамсыз курулган үйлөрүн бузууну талап кылып, Исфана-Андарак жолун тосушкан.
"Искра айылынын кире беришиндеги жол тосулган жерде эки улуттун элдери жыйнала баштаган. Чогулган элге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен Лейлек РИИБинин жетекчилиги тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен жыйынтык чыкпаган соң, Баткен ОИИБнин жетекчисинин буйругу менен милиция кызматкерлеринен кошумча күч тартылган.
Жолду түн ичинде тосуп турушкан Кыргыз жарандары тажик улутундагы жарандарга ижарага берилген жер тилкесине курулган үйдү бузабыз деп жөнөгөн учурда милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп, жарандардын коопсуздугу колго алынды.
Азыркы учурда эки элдин коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө", - деди Юсупова.


















1 |