super.kg logo

Бизнесмен Тимур Файзиев "Улуттук улуулук" эл аралык сыйлыгынын лауреаты болду

 

Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кадыр-барктуу “Улуттук улуулук” сыйлыгынын алкагында “Кынтыксыз абийир” номинациясына ээ болду.

Сыйлыктар боюнча комитет Тимур Файзиевдин кесиптик эмгегин жогору баалап, ишкердик чөйрөсүндөгү дипломду ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарды.

Кыргызстандын ишкери салтанатта сөз сүйлөп жатып, анын эмгеги жогору баалангандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тимур Файзиев азыркы учурда Кыргызстандын курулуш компанияларынын лидерлеринин санына кирген Elite House компаниясын 2013-жылы негиздеген. Т.Файзиевдин сатууда 25 жыл, анын ичинде 15 жыл курулуш чөйрөсүндө тажрыйбасы бар.

Белгилеп кетсек, сыйлоо аземи 2019-жылдын 31-майында Москвада ЕАЭБдин ишкерлеринин Эл аралык Конгрессинин алкагында өттү. Иш-чарада КМШ өлкөлөрүнүн коомдук жана маданий ишкерлери, саясатчылары жана бизнесмендери катышты.

Ошондой эле бул жылы Тимур Файзиев менен бирге СССРдин жана Өзбекстандын “Ялла” үн-аспаптык ансамблинин жетекчиси Фаррух Закиров да “Улуттук улуулук” сыйлыгынын лауреаты болду.

“Улуттук улуулук” сыйлыгы менен Орусиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, маданияттын жана искусствонун, ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү сыйланат.

Ар кайсы убакта бул сыйлыкка ээ болгондордун арасында “Аэрофлот” компаниясынын башчысы Валерий Окулов, Орусиянын банктарынын бирикмесинин президенти Гарегин Тосунян, “Вимм Билль Данн” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана башка көрүнүктүү ишкерлер болгон. Ошондой эле өткөн жылдары гроссмейстер Анатолий Карпов, муз бийи боюнча СССРдин ардактуу машыктыруучусу Татьяна Тарасова, Казакстандын эстрада жылдызы Роза Рымбаева жана башкалар бул сыйлыкка ээ болушкан.

Сыйлык “Ишкер Россия” коомдук уюмунун демилгеси менен 2005-жылы Орусиянын Мамлекеттик думасынын колдоосу менен негизделген жана КМШ өлкөлөрүндө кадыр-барктуу, көз карандысыз коомдук сыйлыктарынын бири болуп саналат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: