super.kg logo

Биринчи Май райондук сотуна Аида Салянованын жакындары топтолду

 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайрадан каралып жаткан иштин негизинде кечээ, 3-июнда кармалган мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат.

Аталган дарекке Аида Салянованын жакындары топтолушту. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева да бар.

Алмамбет Шыкмаматов мурдагы Башкы прокурордун баш коргоо чарасын үй камагына чыгаруусу туура деп эсептейт. Анын айтымында, Салянова эч жакка качпайт, ошондой эле тергөө менен кызматташууга даяр.

Шыкмаматов кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине бирден бир күнөөлүү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экенин айтты.

Окуянын чоо-жайы:

16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу. 2013-жылы Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, "айыккыс дартка кабылган адамдын" абактан бошотулушу мыйзамдуу деп айткан. "Биз бизде бар мыйзамдар менен иштедик. Эгер сиздер мыйзамдагы уурунун иши башкача, башка адамдардын иши өзүнчө каралышы керек десеңер ошондой мыйзам кабыл алгыла. Биз ошого карата иштейбиз", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
04.06.2019. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жок тушунбойм вообше.Батукаевди бошотуп атканда чогулушпайт беле туугандары. Кой кийин жооп берип каласын деп...
04.06.2019. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандарына аны айтып отурду дейсинби батукаевди бошотуп атам деп, любой тууган чогулаттда кандай кырдаалда кармалбасын
04.06.2019. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куноосу болсо жазасын алсын. Ген прокурор болуп турганда С Жапаровго М Мырзакмотовго жасалма кылмыш ишин козгогон
leilekstan_1987 түзөттү 2019-06-04 16:25:07
04.06.2019. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Shikmamativ bilet eken Atambaev kunooluu ekenin. Emnege oshol ubakta aytpay emi kunooluu dep aytip atat? Erkek bolson Atambaev prezident bolup turganda betine aytip chikpayt belen Almazbek sharshenovich tuura emes kildiniz siz kunooluusuz dep.
04.06.2019. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жашоо бумеранг
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: