Ош. Жайкы каникулда студенттерден турган курулуш отряды түзүлүп, учурда көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда иштеп жатат
Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети жайкы каникул учурунда студенттерден турган курулуш отряд түздү. 100дөй студент катталып, алардын 30у бүгүнкү күндө шаардын Черемушка кичи районунда салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда иштеп жатышат. Курулушчуларга саатына 100 сомдон төлөнөт. “Кезекте турган балдарды шаарга жаңы курула турган көпүрөнүн курулуш иштерине орноштурабыз”- дейт аталган комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаев. Эске салсак, комитет өткөн жылкы каникулда да курулуш отрядын уюштуруп, студенттер иш менен камсыз болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

