super.kg logo

Батукаевдин бошотулушу: Аида Салянованын баш коргоо чарасы эртең карала турган болду

 

Чынара ТурдалиеваКримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайрадан каралып жаткан иштин негизинде кечээ, 3-июнда кармалган мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы эртең аныкталмай болду. Бул тууралуу анын аталаш сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди.

Анын айтымында, Аида Салянова учурда бир аз ооруп жатат, абалы туруктуу. "Бүгүн кечке тергөөчүнү күттүк. Ал прокуратурага барып, токтомду алмак. Токтомдун негизинде доо чыкмак. Биз акыркыга чейин күттүк, тергөөчү да күттү. Жыйынтыгында Салянованын соту эртең, 5-июнга саат 10:00гө жылдырылды. Чоң үмүтүбүз бар", - деди Турдалиева.

Окуянын чоо-жайы:

16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.

2013-жылы Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, "айыккыс дартка кабылган адамдын" абактан бошотулушу мыйзамдуу деп айткан. "Биз бизде бар мыйзамдар менен иштедик. Эгер сиздер мыйзамдагы уурунун иши башкача, башка адамдардын иши өзүнчө каралышы керек десеңер ошондой мыйзам кабыл алгыла. Биз ошого карата иштейбиз", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
04.06.2019. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айранды ичкен кутулуп, жалаганы тутулуп. Жиптин учу кой-таштан чыгат деп эле чубап жатышат. Дагы да коро жатаарбыз.
04.06.2019. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таак.Бугун ким камалды?
Дагы кимге кылмыш иши козголду?
04.06.2019. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зарылбек Рысалиев качан камалат
04.06.2019. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таак ошондо туке заке анан аша калдыго дейм табамес тобо сабыр кылып туралы баары мыйзам чегинде адилеттүү болсун эч кимге жан тартпайм
04.06.2019. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир аз ооруп баштады дейби?
05.06.2019. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АША га да аз гана кадамдар калдыбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: