super.kg logo

"Соттордун Ак Үйдөгү куратору" деген атка конгон Манасбек Арабаев Биринчи Май райондук сотуна алып келинди

 

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып келинди.

Алдын ала маалымат боюнча Манас Арабаевдин бүгүн баш коргоо чарасы каралат.

Манасбек Арабаев 2-июнда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. УКМКнын билдиргенине караганда, ал чет өлкөлүк инвесторлордун объектилерин рейдерлик жол аркылуу тартып алуу менен алектенген айрым кылмыш топторунун кызыкчылыгы үчүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалган.

Манасбек Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февраль айынан 2018-жылдын 15-майына чейин аркалап келген. Ал "саясий жетекчиликтин ишениминен чыкты" деген жүйө менен иштен алынган.

Буга чейин Арабаевдин дарегине "Ак Үйдө туруп сотторго кураторлук кылууда" деген сындар айтылып келген.






Манас Арабаев Биринчи Май райондук сотуна алынып келинди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.06.2019. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азыр Ак үйдө куратор ким экен? Жээнбековтун кураторлору баштаган экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: