super.kg logo
  Саясат  

Соңку чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдүн изи "Форумга" барып такалабы?

 

Экс-президент менен учурдагы бийликтин ортосундагы тиреш акыркы күндөрү Кыргыз маалымат айдыңында өзгөчө байкалууда.

Өзүн коомчулукта айтылып жаткан ушактарды, кеп-сөздү иликтеп, фактыларды таап чыгып, коомчулуктун көзүн ачабыз деген позицияны көрсөткүсү келген "Фактчек.кг" булагы тууралуу да кызыктуу фактылар ачыктала баштады. Алсак, бейтараптай элес калтырган "Фактчектин" журналисти Болот Темиров экс-президент баштаган КСДПнын расмий өкүлү жана аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева менен биргеликте "План Б Медиа группасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна кожоюндук кылары белгилүү болду. Кызыгы, ушул эле ЖЧКнын дагы бир кожоюну "Азаттыктын" кызматкери Бектурсун Стамкулов экени билинди.

Учурда бул маалыматтын жана документтин тегерегинде социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп жаткан кези. Болот Темиров иштеген маалымат булагы учурдагы бийликтин быкыйларын чукуу менен алектенип жатканы белгилүү. КСДПнын расмий өкүлү менен жалпы кызыкчылыгы бар экенин эске алганда акыркы учурдагы маалымат согушуна ким тарабынан буюртма берилип жатканы түшүнүктүү. "Азаттык" жана "Фактчек.кг" даярдаган Матраимовдордун мүлкү боюнча иликтөөлөрүндө көрсөтүлүп жаткан дүмүрчөктөр КСДПга барып такалабы? Демек, иликтөө материалдарына "заказ" берүүчү экс-президент Алмазбек Атамбаев эмеспи деген суроо жаралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: