Бишкекте Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда "Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн" митинги өтөт
8-июнда Бишкекте "Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн" деген аталыштагы митинг өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда SUPER.KG порталына КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.
Маалыматка ылайык, митинг саат 11:00дө "Медиа-Форум" имаратынын алдында өтөт.
"Митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев, саясий партиялардын, коомдук кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын лидерлери, мүчөлөрү катышат. Мындан тышкары коррупцияга кайдыгер карай албаган жарандардын баарын бул иш-чарага чакырабыз. Коррупцияны эл гана токтотуп кала алат", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
Рейтинг:
0

Бул бийликтегилерге такыр ишенбегиле .Баарында бизнеси куч а карапайым калк Мигрант .Алар уйундо