super.kg logo

Сотко келгендер Манасбек Арабаевге жумуртка ыргытып, сумка менен башка чабышты. Ал 1 айга камакка алынды

 

Бүгүн, 4-июнда президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевдин Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралды. Сот аны бир айга УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны тергөө абагына алып кетишти.

Арабаевдин жактоочусу сот залынан чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп бербестен унаасына түшүп кетти. Аны журналисттердин жоон тобу тоссо дагы, унаасынын эшигин ачпай койду. Ал эми Манасбек Арабаев сот залынан чыгып баратканда, сыртта тургандар ага "наалат" деп кыйкырышып, сумка менен башка чаап, жумуртка ыргытышты. Арабаевди жумуртка жана сумка менен чапкандар Аида Салянованын бүгүн күтүлүп жаткан баш коргоо чарасын кароо боюнча сотко келишкен.

Манасбек Арабаев 2-июнда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. УКМКнын билдиргенине караганда, ал чет өлкөлүк инвесторлордун объектилерин рейдерлик жол аркылуу тартып алуу менен алектенген айрым кылмыш топторунун кызыкчылыгы үчүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалган.

Манасбек Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февраль айынан 2018-жылдын 15-майына чейин аркалап келген. Ал "саясий жетекчиликтин ишениминен чыкты" деген жүйө менен иштен алынган.

Буга чейин Арабаевдин дарегине "Ак Үйдө туруп сотторго кураторлук кылууда" деген сындар айтылып келген.






Манас Арабаев 1 айга камакка алынды

Манас Арабаевди сотко келгендер жумуртка менен чабышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.06.2019. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уйуштурганго тукум урганды кылган ишине жооп береберсин
04.06.2019. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Спектакль онунчу сезон
04.06.2019. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыркы бийлик ар кандай провокацияларды уюштуруп жатат. Бир тараптуу көз карашты жайылтып жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: