super.kg logo

Бишкектин борборунда "Орозо айт маарек болсун!" аттуу масштабдуу иш-чара өтөт

 

7-июнда Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун!” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт. Иш-чаранын программасында көргөзмө, жарманке, кызыктуу конкурстар жана викториналар бар. Кирүү акысыз.

Бишкекте алгач ирет ыйык Орозо айт майрамына арналып чоң программадагы иш-чара өтөт.

Бул күнү борбор калаанын тургундары жана меймандарына төмөндөгүдөй кызыктуу программа даярдалууда: мусулман элдеринин маданиятынын фестивалы, белектер жана аксессуарлар жарманкеси, балдарга жана чоңдорго арналган интерактивдүү зоналар, спорттук таймаштар, өнөктөштөрдөн белектерди ойнотуу, конкурстар, Турдакун Ниязалиевдин аткаруусундагы нашиддер, чыгыш барабандарында кол ойнотуу, каллиграфия, леттеринг, таттуулардан гүлдесте жасоо боюнча акысыз мастер-класстар, мехенди, даамдуу фудзона жана креативдүү фото – зоналар.

Бул иш-чара коммерциялык эмес мүнөздө болуп, анын башкы - максаты шаар элине позитивдүү жана майрамдык маанай тартуулоо. Бардык каалоочуларга кирүү акысыз.

Мындай иш-чаралар түрдүү конфессия жана улуттар ортосунда диалог түзүүгө көпүрө болуп, достук мамилелеринин чыңдалышына, маданият алмашууга, коомдо тынчтык жана өз ара түшүнүшүүгө мыкты аянтча болуп саналат.

“Орозо айт маарек болсун!” иш-чарасы “Умма” ислам журналы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы жана Биринчи Май районунун акимчилигинин колдоосу менен уюштурулууда.

Иш-чара 7-июнь күнү саат 14:00дөн 21:00гө чейин Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу багында өтөт. (Болжолдуу: Курманжан датка эстелиги, "Ала-Тоо" кинотеатрынын арты)

Байланыш номерлери: 0770 99 00 18, 0777 37 43 53.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.06.2019. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ООО сонун сонун
04.06.2019. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Маарек болсун. Мусулманчылык деп эле арабтарды ээрчибейлик. Муфтият туура айтыптыр. Адам болуу - бир эле диңге аша чаап берилүү менен эле чектелбейт. Арабтарда жашоо мындай экен, бизде да ушундай болсун деп кереги жок. Азыркы көпчүлүк молдолор арабтардын өткөн тарыхын жаштарга айта беришет экен. Андан көрө кыргыз өз тарыхыбызды баалайлык.
erlan2196 түзөттү 2019-06-04 18:52:29
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: